Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда быйыл жаңы төрөлгөн канча бала жөлөк пул алды?

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө бюджеттен 6 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн

2020-жылдын 1-ноябрына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 542,6 миң адамды түздү. Алардын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 330,0 миң адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 92,8 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 119,8 миң адамды түздү.

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 869,2 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3078,8 сомду түздү.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 6 млрд. 359 млн. 400 миң сом акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө – 2 млрд. 889 млн. 500 миң сом, социалдык жөлөкпулду – 2 млрд. 986 млн. 600 миң сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу – 483,3 млн. сом каржыланган.

КР ЭСӨМ басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх