Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри майыптар иштеген кафеге жаңы жылдык балаты жана белектерди алып келди (сүрөт)

Жаңы өзгөчө мекеме Бишкекте өткөн жайда ачылган

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекова жаштар эмгектенген Solomon Sandwiches кафесинде болду.

Ушул жайда Бишкекте жаңы адаттан тышкаркы мекеме ачылды. Кафенин негиздөөчүлөрү Джеймс Торсон жана Нурмат Эшалиев. Учурда бул жерде атайын адамдар иштеп жатышат.

«Бүгүн дүйнө жүзү боюнча майыптар күнү. Бул майрам эмес, тескерисинче, арабызда колдоого же жөн гана көңүл бурууга муктаж адамдар бар экендигин дагы бир жолу эскерүүгө чакырган күн. Өлкөбүздө 193 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, анын 32 миңи балдар. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык интеграциясы, аларга башка жарандар менен бирдей негизде коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү - мамлекет үчүн маанилүү приоритеттердин бири ”, - деди Ализа Солтонкулова.

 

 

Ал кафеге мекеменин кызматкерлери менен биргеликте кооздогон балатыны көтөрүп келди. Мындан тышкары, министр баарына белектерин тапшырды.

КР ЭСӨМдүн басма сөз кызматы
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх