Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы балдарды компьютердик клубдарга барбоосун суранат

Борбор калаада өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча рейд өттү

Бишкек мэриясы шаар көчөлөрүн күнү-түнү кыдырып, кайыр сурап, зордук-зомбулукка кабылган же жумушка аргасыз болгон балдарды издеп, таап, алар менен иш алып барат.

Биринчи май акимиаты райондук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түнкү рейд өткөрүштү.

Биз негизги көчөлөрдү, интернет клубдарды, соода жана көңүл ачуу комплекстерин текшерип чыктык. Тилекке каршы, Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишиндеги Dota Club компьютердик клубунан төрт өспүрүм табылды. Бардык балдардын ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилип, актылар түзүлдү.

Ар бир бала жана алардын ата-энелери, камкорчулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери иш жүзүндө жашаган жерине барып, жашоо шарттар боюнча актыларын түзүштү.

Кыргыз Республикасынын "Балдардын ден-соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, акыл-эс, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, жай мезгилинде (01-июндан 31-августка чейин) балдардын түнкүсүн чоңдордун коштоосуз коомдук жайларда болуусуна тыюу салынат.

Белгилей кетсек, рейддер балдар арасындагы укук бузууларды, кароосуздукту жана кароосуз калууну алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Урматтуу ата-энелер! Сураныч, балдарды кароосуз калтырбаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх