Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иштеп баштаган кинотеатрлар санитардык талаптарга жооп береби?

Бишкек мэриясы ишкердиктин субъекттеринин санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүнү кайрадан улантат

Бишкек шаарынын мэриясы ишкердик субъектилеринин санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүнү кайрадан баштады. Кинотеатрлардын, ашкана аянтчаларынын, компьютердик клубдардын жана башка көңүл ачуучу мекемелердин ишине көбүрөөк көңүл бурулууда, анткени алар жакында, 1-декабрдан тарта иштей башташты.

Санитардык рейддер калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаеванын жеке көзөмөл алдында.

Жакынкы күндөрү Биринчи май райондук администрациясынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн, МАБдардын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, РИИБдин адистеринен турган мобилдик топ "Ала-Тоо", "Россия" кинотеатрларын жана райондогу компьютердик клубдарын текшерүүгө алышты. Кызматкерлердин жана меймандардын арасында бет кап режимин сактоо, кинотеатрларда кардарлардын шахмат түрүндө отурулуусу жана башка санитардык талаптар сакталууда.

«Мото» соода борборундагы Underground оюн клубунда мыйзам бузуулар аныкталды, атап айтканда, мекеменин администрациясы көп кардарларды киргизип, бет кап режимин сакташкан эмес.

Оюн клубунун администрациясына эскертүү берилип, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды милдеттүү түрдө сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, санитардык эрежелерди унутпаңыздар, бет кап кийип, колуңуздарды тазалап, аралыкты сактаңыздар! Этият болуңуздар, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх