Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыгыш-5те жаңы-жылдык жарманке ачылды

Ал жерден Жаңы жылга карата өзгөчө белектерди сатып алсаңыз болот

Чыгыш-5 кичирайонундагы "Арбатта" жаңы жылдык жарманке башталды, анда ар бир адам Жаңы жылга карата туугандары жана жакындары үчүн адаттан тышкаркы белектерди сатып ала алышат. Анда Свердлов районунун чакан ишканаларынын жана өндүрүүчүлөрүнүн продукциясы сатылат.

Алгачкы келгендер буга чейин ар кандай продукцияларды баалап, жактырган буюмдарын сатып алышып, шаардык мэриянын маданият бөлүмүнүн концертин көрүштү.

Ленин районунун жашоочулары үчүн жарманке "Октябрь" кинотеатрынын аймагында уюштурулуп, анда кондитердик азыктар, чайдын ар кандай түрлөрү, жаңы жылдык жасалгалар жана башкалар сатылат.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх