Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: Борбор калаада күз-кыш мезгилине жетиштүү көмүр запасы бар

Көмүрдүн чекене соодасында баалардын спекулятивдик жогорулашына жол бербөө үчүн дистрибьюторлор менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк

Шаардык кызматтар жана облустук акимчиликтер жылытуу мезгилиндеги ишти күчөтүп, Бишкек шаарындагы көмүр сатуу түйүндөрүнүн ишин такай текшерип турушту.

Адатта, күз-кыш мезгилинде катуу отундун чекене соодасынын баасынын спекулятивдүү көтөрүлүшүн алдын алуу жана көмүр сатуучу жайлардын айланасында тазалыкты сактоо максатында соода түйүндөрүнүн дистрибьюторлору менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Көмүрдүн жетиштүү запасы бар экендиги аныкталды. Борбор калаада 7 отун базасы жана 27 стационардык пункт бар.

Кара-Кече жана Шабыркул көмүрлөрүнүн отун базаларында тоннасынын баасы 4000-4200 сомго чейин.

Иштеп жаткан пункттарда бир кап көмүрдүн баасы (Кара-Кече, Шабыркул) 170-280 сомдон, көмүрдүн тоннасы 4000-4500 сомдон.

Урматтуу жарандар! Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу кайрылып, көйгөйлөр бар сүрөттөрдү 0554 182-185 номерине жөнөтсөңүз болот.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх