Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 17-декабрга карата COVID-19дун 236 жаңы учуру катталды

Ооруу төрт адамдын өмүрүн алды

17-декабрга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинин 236 жаңы учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Бишкек шаарында - 51, Ошто - 6, Чүй облусунда - 82, Ош облусунда - 9, Талас облусунда - 6, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 47, Жалал-Абад облусунда - 24, Баткен облусунда - 6 адам.

Алардын арасында 2 медициналык кызматкер бар.

Бир сутка ичинде 417 адам айыгып чыкты.

1948 бейтап стационардык, 2904 адам амбулатордук дарыланууда.

4 өлүм катталды.

Алина Осмонова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх