Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык самбочулар Дүйнө чемпиондугунда 6 медалга ээ болушту

Эл аралык турнирге 30 мамлекеттен 400дан ашуун спортчу катышты

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты Сербиянын түндүгүндөгү Нови-Сад шаарында өттү. Эл аралык турнирге 30 мамлекеттен 400дөн ашуун спортчу катышты.

Кыргызстандык самбочулар ар кандай аталыштагы 6 медалга ээ болушту, алардын үчөө Бишкектеги спорт мектептеринин окуучулары.

Каряев Дайырбек 74 килограммга чейинки салмакта күрөш самбо боюнча күмүш медалды жеңип алды, Ленин районунун спорт мектебинин тарбиялануучусу, эл аралык спорт чебери.

Бактияр уулу Шумкарбек спорттук самбо боюнча 68 кг салмакта экинчи орунду ээледи, спорт чебери жана Дельфин спорт мектебинин тарбиялануучусу.

Самбо боюнча биздин курама командадан жалгыз кыз Абдумалик кызы Самара 52 кг чейинки категорияда коло медалга ээ болду. Ал Ленинатындагы спорт мектебинин тарбиялануучусу.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх