Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы жылдык кече уюштурулду (сүрөт)
Иш-чарага Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары катышып, бардык балдарга белектерин тапшырды
“Өнүгүү” балдар борбору” коомдук бирикмеси мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн “Балдарды бактылуу кылалы” аттуу жаңы жылдык иш-чара уюштурду. Ага Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева катышты.
Коомдук бирикменин директору Саида Абдукадырованын айтымында, борборду мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелери түзүшкөн.
“Биз балдарга коррекциялык психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтөбүз: когнитивдик көйгөйлөр менен, сүйлөө бузулуулары менен, Кохлеардык имплантаттар менен, угуу жөндөмдүүлүгү, Даун синдрому, церебралдык шал оорусу, Аутизм жана башкалар. Мындан тышкары, биз турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтөбүз”, – дейт ал.
Иш-чарада министрдин орун басары бардык балдарга белектерди тапшырды.
ЭСӨМ басма сөз кызматы
Фото www