Кыргызстанда 22-декабрга карата 175 жаңы COVID-19 учуру катталды
Бир суткада 4 өлүм учуру катталды
Кыргызстанда 22-декабрга карата 175 жаңы COVID-19 учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында - 48, Ошто - 2, Чүй облусунда - 41, Ош облусунда - 11, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 31, Жалал-Абад облусунда - 12, Баткен облусунда - 16 адам.
Алардын арасында 2 медициналык кызматкер бар.
Бир суткада 295 жаран айыгып чыгышты.
Стационардык дарылоо 1472 бейтапты түзөт, амбулатордук - 2429.
4 өлүм катталды.
Алина Осмонова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз