Эмгек министрлиги жаңы-жылдын алдында кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алаарын эскертет
4-январдан 6-январга чейин жумушчу күндөр. 7-январь майрам, ал эми 8-январь кайрадан жумушчу күн
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Жаңы -жыл алдында кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алаарын эскертет.
Министрликтин маалыматы боюнча, кыргызстандыктар 1-январда, жума күнгө туш келген майрамдык эс алуу күнүн эс алышат. Андан ары 2-3-январь ишемби жана жекшемби.
4-январдан 6-январга чейин жумушчу күндөр. 7-январь жумуш эмес майрам, 8-январь кайрадан жумуш күнү.
ЭСӨМ басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз