Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Денис Петрашов 2021-жылы өтө турган Олимпиадада Кыргызстандын намысын коргойт

ХХХII Жайкы Олимпиада оюндары Токиодо өтөт

Ата мекендик сууда сүзүүчү Денис Петрашов Токиодо өтө турган ХХХII Жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргойт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Спортчунун өмүр баяны:

2000-жылы 1-февралда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы Кыргыз Республикасынын спорт чебери.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 2-курсунун студенти.

Сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Евгений Георгиевич Петрашовдун жетекчилиги астында машыктырылган.

Ал беш жашынан бери сууда сүзүп келе жатат. Ошондой эле ал тенниске жакын болгон. 2016-жылы сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы Кыргыз Республикасынын спорт чеберинин нормативин аткарган.

Сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында ал төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:

- сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын рекордсмени;

- 2016-жылы "Азия балдары" эл аралык спорттук оюндарында чемпион болгон (200 м брасс менен);

- 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) өткөн ХХХI Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан;

- 2017-жылы Ташкентте (Өзбекстан) Азия чемпиону жана күмүш байге ээси (өспүрүмдөр) болду (50 м, 100 м, 200 м брасс менен);

- 2018-жылы эл аралык турнирлердин чемпиону 51 Challenge International de Geneve, Luxembourg Euro Meet, Gran Prix Slovak Братислава, Golden Tour Parisтин коло медалынын ээси;

- 2018-жылы Буэнос-Айресте (Аргентина) өткөн III Жайкы өспүрүмдөр Олимпиадасынын күмүш медалын жеңип алган (100 м брасс менен);

- 2019-жылы Словакиянын Gran Prix эл аралык мелдештеринин чемпиону болгон;

- 2019-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунун чемпиону жана күмүш медалынын ээси (200 м, 100 м брасс менен);

- 2019-жылы, Токиодо (Япония) Олимпиада оюндарына лицензияны Кореяда өткөн Дүйнөлүк Чемпионатында утуп алган (1 мин 0.94 сек.).

Жогорку жетишкендиктери үчүн ал Жогорку Кеңештин Төрагасынын жеке сааты менен сыйланды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх