Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

20-январга карата Кыргызстанда COVID-19дун 162 жаңы учуру катталды

Инфекциянын кесепетинен эки адам каза болду

Өткөн суткада республикада COVID-19дун 162 жаңы учурлары аныкталды. Республикалык штаб билдирди.

Бишкек шаарында - 46; Ош шаарында - 11; Чүй облусунда - 72; Ош облусунда - 2; Талас облусунда - 1; Нарын облусуна - 2; Ысык-Көл облусунда - 24; Жалал-Абад облусунда - 2; Баткен облусунда - 2.

Жалпысынан, ушул мезгил аралыгында 83430 оору катталган.

Акыркы сутка ичинде 124 адам айыгып чыкты. Жалпысынан пандемия мезгилинде Кыргыз Республикасында 79 миң 373 бейтап айыккан.

Акыркы сутка ичинде 2 адам каза болду. Жалпысынан, ушул мезгил аралыгында 1392 кыргызстандык каза болду.

Ооруканаларда 726 адам, амбулатордук дарыланууда 1 миң 10 бейтап бар.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх