25-январга карата Кыргызстанда COVID-19 оорусунун 71 жаңы учуру катталды
Бишкекте ооруну жуктуруп алган бир адам каза болду
Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын 71 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек - 33;
Ош - 2;
Чүй облусу - 27;
Ош облусу - 2;
Талас облусу - 0;
Нарын облусу - 2;
Ысык-Көл облусу - 3;
Жалал-Абад облусу - 1;
Баткен району - 1.
Борбор калаада бир суткада вирус жуктуруп алган бир адам көз жумду. Коронавирус инфекциясы менен катталган медициналык кызматкерлер жок.
98 адам ооруканалардан чыгарылды.
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз