Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин башчысы жол коопсуздугун камсыз кылуу ишиндеги кемчиликтерди айтып өттү

Улан Ниязбеков жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды

ИИМдин онлайн чогулушунда ички иштер министри Улан Ниязбеков былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл жол кырсыктары аз катталды деп айтканыңар менен иш жүзүндө жарандардын коопсуздугун сактоо багытында уюштуруу иш-чаралары солгун деп, бир катар кемчиликтерди баса белгиледи. Министр ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу, түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана пропаганда-үгүттөө багытында ишти жогорулатуу тууралуу тапшырмаларды койду.
Жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча бизде жер-жерлерде бардыгы болуп бир жуманын ичинде 14930 жол эрежесин бузган факты катталган. Анын ичинен автоунааны мас абалында айдаган 189 факты аныкталды жана 150 автоунаа атайын айып пул салуучу жайларга киргизилген. Ал эми жыл башынан баштап 35428 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, 477 мас айдоочуну кармалган. Бардыгы 1835 автоунаа токтотулду. Андан тышкары ушул күнгө чейин атайын “Я знаю ПДД” деген акция өткөрүлүүдө. Бирок ошого карабастан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча бир катар иштерди аткаруу керек экендиги да эскертилди.
Чогулуштун жүрүшүндө жалпы Кыргыз Республикасынын аймагындагы кышкы аба ырайына байланыштуу жол коопсуздугун сактоо боюнча бардык иш-чараларды жогорку денгээлде өткөрүү багытында тапшырмалар берилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх