Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Блоггер Улан Джураев үй камагына чыгарылды

Биринчи Май райондук соту 250 миң доллар талап кылган деп шектелген адамдын баш коргоо чарасын өзгөрттү

Пара талап кылган деп шектелген блогер жана ишкер Улан Джураев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Сот Жураевдин баш коргоо чарасы 23-январда өзгөртүлгөнүн тактады.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтына активист Мелис Аспеков жана ишкер Улан Джураев "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деп шектелип жатканы маалымдалган. Алар 2021-жылдын 9-мартына чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх