Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2020-жылдын декабрь айында COVID-19 оорусун жуктуруп алгандардын саны ноябрь айына салыштырмалуу 2 пайызга азайган

Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 14 миңге жакын тастыкталган учурлары катталды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын декабрь айында республикада жалпысынан коронавирус инфекциясынын (COVID-19) 14 миңге жакын лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлары катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Өткөн жылдын декабрь айында 100 миң калкка туура келген оорулардын саны ноябрь айына салыштырмалуу 2,7 пайызга азайса, октябрь айынан айырмаланып, тескерисинче, 5 пайызга көбөйгөн. 2020-жылдын декабрь айында Коронавирус инфекциясынын катталган учурларынын санынын ноябрь айына салыштырмалуу төмөндөшү республиканын бардык аймактарында белгиленди, Чүй облусунан тышкары, алардын саны дээрлик үч эсеге көбөйүп, катталган учурлардын жалпы санынын жарымынан көбүн түздү (56 пайыз).

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх