4-мартка карата Кыргызстанда 54 жаңы COVID-19 учуру катталды
Бир күндө 49 жаран айыгып чыкты
Кыргызстанда 4-мартка карата COVID-19 оорусунун 54 жаңы учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында - 26, Чүй облусунда - 10, Ош облусунда - 5, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 7, Жалал-Абад облусунда - 1, Баткен облусунда - 1 адам.
Күндүз 49 жаран айыгып чыкты.
Стационардык дарылоодо 368, амбулатордук дарылоодо 258 бейтап бар.
Бир суткада өлүм катталган жок.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз