Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

MegaCom Ак Калпак күнүн белгилөөнүн башкы өнөктөшү болгон

Жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда Ак Калпак күнү - кыргыздардын салттуу эркек баш кийиминин урматына арналган майрам белгиленип, алардын ата-бабаларынын маданий мурастары каралып, терең улуттук философия көтөрүлдү.

MegaCom компаниясы кыргыз элинин каада-салтын сыйлап, майрамдын 10 жылдыгына арналган түстүү иш-чаранын башкы өнөктөшү катары чыкты.

Бүгүн, 4-мартта "Ала-Тоо" борбордук аянтында "Альфа Телеком" ЖАКынын колдоосу менен Ак Калпак күнүнө арналган ири иш-чара болуп өттү. MegaCom компаниясынын кызматкерлери катышкан улуттук кийимдердин парады, салттуу кийимдердин көргөзмөсү жана 200 метрлик Кыргыз Республикасынын желеги тартылган массалык жүрүш болду.

 

Ак калпактын урматына арналган майрамдык иш-чаралар эстрада артисттеринин катышуусунда майрамдык концерт менен аяктап, ал Манас эстелигинин жанындагы чоң сахнада өттү.

 

Ата мекендик MegaCom уюлдук оператору кыргыз элинин патриоттук аң-сезиминин өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп, ири маданий, спорттук, билим берүүчү, экологиялык жана башка коомдук иш-чараларды колдоп, кыргыз элинин уникалдуу каада-салтын жана бай тарыхын урматтайт.

 

 

"Альфа Телеком" ЖАКынын басма сөз кызматы
Сүрөт: MegaCom, КТРК

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх