Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Нурдамир Конгурбаев каза болду

Кыргызстандын маданияты орду толгус оор жоготууга учурады

2021-жылдын 9-мартында 81 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Конгурбаев Нурдамир Ашимович узакка созулган оорудан улам каза болду.

Нурдамир Конгурбаев 1940-жылы 5-мартта Фрунзе шаарында туулган. 1962-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1971-жылы Ленинград шаарындагы И. Е. Репин атындагы Искусство академиясынын сүрөт, скульптура жана архитектура институтун аяктаган. 1971-1985-жылдары Фрунзедеги С. Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын мугалими, андан кийин анын директору болуп иштеген.

1976-жылдан тартып СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, кийин Кыргыз Республикасынын Жаш сүрөтчүлөр ассоциациясынын төрагасы, 1986-1990-жылдары Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Өзүнүн эмгек жана чыгармачыл ишмердүүлүгүндө ал республикалык жана эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн активдүү катышуучусу болгон. Чыгармачылык сапарлар менен ал СССРдин бардык республикаларында, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө — АКШда, Францияда, Англияда, Германияда, Чехословакияда, Польшада жана башка өлкөлөрдө болгон.

Залкар сүрөтчү Н. Конгурбаев көркөм сүрөт көргөзмөлөрүнүн бир нече жолку дипломанты жана лауреаты болуп, «Хабитат» сынагынын жыйынтыгы боюнча ПРООНдун биринчи жана экинчи сыйлыктарын алган. 2002-жылы Кыргызстандын живопись жаатындагы жылдын мыкты иши үчүн Г. Айтиев атындагы сыйлыкка татыктуу болгон.

Н. А. Конгурбаевдин эмгектери Эрмитажда, Третьяков галереясында, Чыгыш музейинде жана Москвадагы Көргөзмөлөр дирекциясында, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, Алматы шаарынын А.Кастеев атындагы Казак мамлекеттик искусство музейинде, ошондой эле өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларда сакталуу.

Көп жылдар бою маданият жаатындагы үзүрлүү ишмердүүлүгү жана өлкөнүн көркөм сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1991-жылы Нурдамир Конгурбаев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү деген наамдарды алган.

Кыргызстандын көркөм сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон таланттуу инсан, эл сүрөтчүсү Конгурбаев Нурдамир Ашимовичтин жаркын элеси замандаштарынын эсинде түбөлүккө сакталып кала берет.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

 

С. Н. Жапаров, Т. Т. Мамытов, У. А. Марипов,
Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков, С. С. Касмамбетов, А. К. Касымалиева, И.Ш. Өмүркулов, Ж. К. Турускулов, М. К. Алимбеков, Б.Э. Төрөбаев, А. Т. Сулайманов,
А. Т. Мамашева, Г. С. Молдобекова, А. Э. Новиков,
У. Т. Кармышаков, Ж. А. Асанкулов, К. О. Иманалиев,
А. Б. Бейшеналиев, К. К. Ташиев, К. Б. Базарбаев,
Ж. У. Саралаева, Э. С. Тентишев, Б. Ж. Кудайбергенов, Т. С. Садыков, В. А. Шестопал, А. Н. Каменский,
К. О. Орозматов, Т. С. Усубалиев, Т. К. Курманов,
А. О. Осмонов, Д. Ж. Жолчуев, Э. А. Салиев,
М. Ш. Шарафутдинов, А. Э. Байтереков, С. Т. Торобеков, М. С. Сыдыкбаев, К. А. Шкурпела, И. Ч. Чаланов,
Г. Д. Боконбаев, Д. И. Чочунбаева жана башкалар.

 Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх