Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Диагностика үчүн комплекттер жана 8 миң ПЦР анализдери Кыргызстанга жеткирилген

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине Европа Биримдиги COVID-19 менен күрөшүү үчүн жалпы суммасы 100000 еврого турган материалдарды тапшырды

2021-жылдын 11-мартында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине COVID-19 пандемиясына каршы иш-аракетин колдоо иретинде жалпы суммасы 100 000 Еврого бааланган материалдарды өткөрүп берди. Бул материалдар диагностикалык жана сыноолорду жүргүзүү үчүн тесттик топтомдорду камтып, 8000 ПЦР-тест жасоого жетиштүү.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард Ауэр белгилегендей, ЕС Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө биринчи болуп жардам көрсөткөн.

“Берилген материалдар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тутумунун тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт жана жан аябас кыргыз дарыгерлерине, адамдарды COVID-19дон сактоо милдетин аткарууга жардам берет. Пандемия баарыбызга терең таасирин тийгизди, бирок биз анын алып келген бардык кыйынчылыктарын жана кесепеттерин бирге жеңе алабыз. Тапшыруу аземинде элчи Ауэр: «ЕБ Кыргыз эли үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берет жана биз Кыргызстанды COVID-19 илдетине каршы күрөштө колдоону уланта беребиз», - деп айтты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Усенбаев ЕБ тарабынан COVID-19 илдети менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын калкына лабораториялык адистердин кошумча резервин даярдап, Кыргызстан үчүн өтө зарыл болгон акысыз колдоосу үчүн, жана ошондой эле COVID-19 диагнозун аныктоо үчүн лабораториялык материалдар менен камсыз кылынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эл аралык илимий жана технологиялык борбордун (ЭАИжТБ) аткаруучу директору Дэвид Клив, “Европа Биримдигине пандемиядан улам келип чыккан көптөгөн кыйынчылыктарды чечүү үчүн кошумча каржылоосу үчүн, узак мөөнөттүү ЕБ милдеттенмеси жана кызматташтыгы аркылуу ыраазычылыгын билдирди. Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана анын ичинде Кыргызстанда биологиялык коопсуздукту жана биологиялык коргонуусун күчөтүү боюнча, ошондой эле биздин Кыргыз кесиптештерибизге кызматташтыгы жана бул жаатта ЭАИжТБ жана башка аймактык өнөктөштөр менен биргеликте иштөөгө даярдыгын билдирди

Материалдар ЕБ тарабынан каржыланган 53-долбоорунун (P53) “ЕБ химиялык, биологиялык, радиациалык, ядролук контролдоо жана тобокелдиктерди төмөндөө боюнча стандарттык борборлорунун демилгесинин (ЕС/ЦПО/ХБРЯ) алкагында берилди. Материалдар менен камсыздоо Европа Биримдиги, анын ичинде Европа Кеңеши ХБРЯ боюнча өнөктөш өлкөлөргө алардын COVID-19 пандемиясына каршы улуттук иш-аракеттерин колдоо үчүн каражат берүүнүн бир бөлүгү болуп саналат.

Жыйынтыгында, 53-долбоор, долбоордун өнөктөштөрүнө COVID-19 кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чараларга, анын ичинде жабдуулар жана материалдар менен камсыздоо, окутуу жана аймактык кызматташууну колдоо үчүн кошумча каражат алган. Долбоордун алгачкы этабында кыргыз адистери өтө кооптуу оору козгогучтар менен (ӨКОК) жуктурган клиникалык үлгүлөрдү иштеп чыгуу жана диагностикалоо боюнча окутуудан өтүштү, ошондой эле биологиялык коопсуздук боюнча инструктор болушту.

Эске салсак, Европа Биримдиги COVID-19 пандемиясына жооп иретинде Кыргызстанды колдоо үчүн 43 миллион Евродон ашык каражат менен мобилизацияланган. Бул колдоо, Саламаттык сактоо тутумун жана потенциалын, кризистик кырдаалды жөнгө салууну, макрофинансылык туруктуулукту, социалдык коргоону, азык-түлүк коопсуздугун жана жеке секторду колдоого багытталган комплекстүү жооп болуп саналат.

ЭАИжТБ, ЕБ ЦПО ХБРЯ демилгесинин алкагында каржылануучу 53-долбоорду ишке ашырып келет. ЕБ ЦПО ХБРЯ демилгеси сегиз региондогу 62 өнөктөш өлкөнү камтыган Европа Комиссиясы (EК) жана Европа Комиссиясынын биргелешкен изилдөө борбору (БИБ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун кылмыштуулук жана адилет боюнча аймактар ​​аралык изилдөө институту (UNICRI) тарабынан жетектелип келет. Европа Кеңешинин Борбордук Азиядагы ХБРЯ боюнча катчылыгы Өзбекстандын Ташкент шаарында жайгашкан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх