Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 109 миңге жакын бала мектептерге барып окушууда

Калган окуучулардын бардыгы дагы эле аралыктан билим алууда

Бишкекте 19-мартта 109 миңге жакын бала мектептерге барат. Булар башталгыч, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Калган мектеп окуучулары азырынча онлайн режиминде.

Борбор калаадагы билим берүү уюмдары Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан бекитилген коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча алгоритмдерге ылайык иштешет.

Мектептерде кирүү чыпкасы уюштурулуп, медициналык кызматкерлер температураны өлчөп, ден-соолук журналдарында ар бир баланын абалын белгилешет, колдорун тазалоочу каражаттар, колдонулган маскалар үчүн урналар ар жерге орнотулуп, класстар желдетилип, маска режими сакталат.

Белгилей кетсек, мектеп администрациясы, Билим берүү, Саламаттыкты сактоо департаментинин жана Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын кызматкерлери күн сайын балдардын ден-соолугунун абалын көзөмөлдөп турушат.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх