ИИМдин Ички аскерлери бөлүгүндө Ноорузга карата майрамдык иш чара болуп өттү
Майрамда боз үй тигилип, улуттук тамак-аштарды бышыруу боюнча жарыш уюштурулду
Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн спорттук шаарчасынын аймагында жаз майрамы Ноорузга карата арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, аскер кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү, чакырылган коноктор жана ардагерлер катышты. Аскер кызматкерлеринин күчү менен эки боз үй орнотулуп, майрамга көрк берип турду.
Улуттук тамактарды бышырып даярдоо боюнча Ички аскерлеринин колбашчылыгынын башкармалыктарынын, дарылоо-профилактикалык борборунун жана 705 аскер бөлүгүнүн ортосунда жарыш уюштурулду. Ар бир команда беш бармак, боорсок жана башка салттуу майрамдык тамактарды даярдашып, катышуучулардын көңүлүн дасторконго бурушту.
https://vesti.kg/kg/koom/item/83599-iimdin-ichki-askerleri-nooruz-majramyn-majramdashty.html#sigProId0a06bb3dae
Аскер кызматкерлеринин жамааты кыргыз элинин каада-салттарын эпизодтук көрүнүштөрү менен демонстрациялап, катышуучуларга Нооруз майрамынын ырым жырымдарын көрсөтүштү.
Аскердик оркестрдин кызматкерлери жана көркөм чыгармачылык топтун жааматы, иш-чаранын катышуучуларына жазгы маанай жана дем күч берип турду. Командалар ортосунда улуттук жана спорттук оюундардын түрлөрү боюнча таймаш өзнугунда өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Нооруз майрамынын салттуу “Сүмөлөк” тамагы даярдала баштады. Бул тамак түнү бою туруктуу аралаштыруу менен бышырылып, аскер кызматкерлери эртен менен даам татышат.
Майрамдык иш-чаранын аягында Ички аскерлеринин колбашчысы “Эң жакшы улуттук тамак”, “Эң жакшы улуттук кийим” номинацияларынын жана улуттук-спорттук оюундарынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырды.
Жазгы Нооруз майрамына арналган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө белгиленип өттү.
КР ИИМдин Ички аскерлеринин
Басма сөз кызматы