Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык жигит Хабиб Нурмагомедовдун лигасында жеңишке жетти

Уюштуруучулар бул күрөштү мыкты деп кабыл алышты

19-мартта Краснодар шаарында өткөн Eagle Fighting Championship турниринде кыргызстандык мушкер жеңишке жетти.

Кыргызстандык орусиялык Владислав Королевский менен жекеме жеке чыккан.

Ар бири беш мүнөттөн турган үч раунддун жыйынтыгында, калыстар өзүнчө чечим менен жеңишти Кыргызстандын өкүлүнө берди.

Белгилей кетсек, уюштуруучулар бул күрөштү мыкты деп тапты. Алар уюмдун тарыхында биринчи жолу мушташтын ар бир катышуучуларына 100 миң рублдан берүүнү чечишти.

- Бизде бонустар жок, бирок мен бул балдардын мушташын көргөндө, дароо бонус берилиши керек деп айттым, - деди EFC лигасынын президенти Шамил Завуров. - Башында, ар бири 100 миң рублден алышса. Келечекте мыкты мушташ жана мыкты нокаут үчүн бонустарды бере беребиз.

Бусурманкул Абдибаит уулу атаандашына ыраазычылыгын билдирди.

"Менин атаандашымдын  ушундай ачык  күрөшү үчүн ыраазычылык билдирем" деди ал. - Пандемияга байланыштуу тыныгуудан кийин ушул көрсөткүчтү көрсөткөнүмө кубандым. Мен Кыргызстаным менен сыймыктанам.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх