Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын командасы ресторандардын спорттук мелдешинде жеңишке жетишти

Алар Санкт-Петербург Өкмөтүнүн Кубогун жеңип алган

Ресторан спорттук мелдешинде Кыргызстандын командасы жеңишке жетишти. Бул тууралуу ашпозчу Тахир Эргашов өзүнүн Instagram баракчасында билдирди.

Эл аралык мелдеш 19-марттан 21-мартка чейин Санкт-Петербург шаарында өткөнүн Бүткүл дүйнөлүк ресторан спорт федерациясынын (WFRS) сайты билдирди.

Жеңүүчүлөр менен байге ээлерине Бүткүл дүйнөлүк ресторан спорту федерациясынын атынан кубоктор, зергер белгилери, медалдар жана белектер тапшырылды. Конкурс Киров атындагы маданият сарайында 19-марттан 21-мартка чейин өттү.

Турнирге дүйнөнүн ар тарабынан, атап айтканда Россия, Азербайжан, Индия, Кыргызстан, Пакистандан 12 команда катышты. Ар биринин үч катышуучусу бар: ашпозчу, официант жана сомелье. Калыстар тамактын даамын, даярдыктын сапатын, тамактын деңгээлин жана суусундуктар менен айкалышын баалашты.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Санкт-Петербург  командасы менен Кыргызстандын командасы алышты деп көрсөтүлгөн. Алар Санкт-Петербург Өкмөтүнүн Кубогун жеңип алышты, ошондой эле үч категориядагы медалдар жана WFRS сертификаттары менен сыйланышты.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх