Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы кызматкери Бишкекте сумонун чемпиону болду (сүрөт)

МТКнын өздүк курамы Алмаз Эргешовду жеңиши менен куттуктады

Бишкекте сумо боюнча шаардык ачык чемпионат болуп өттү. Мелдешке өлкөнүн бир катар аймактарынан 150дөн ашуун балбан катышты. 18 жашка чейинки жаш балбандар жана чоңдор күч сынашты. Чоңдор 65, 70, 85, 100 жана 115 килограмм, эркек балдар 35, 42, 48, 55, 65 жана 70 килограмм салмактарында күч сынашты.

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Алмаз Эргешов дагы мелдеште күчүн сынап көрдү. Жарым финалда ал Тилек Усуповду жеңип, финалда Ильяз Нурланбек уулун жеңип, сумонун чемпиону аталды. Эскерте кетсек Алмаз Эргешов Азиянын эки жолку медалынын ээси, өлкөнүн көп жолку чемпиону жана спорттун ушул түрү боюнча көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

 

Мамлекеттик бажы кызматынын жамааты Алмаз Эргешовду жеңиши менен куттуктайт!

МТКнын басма сөз кызматы
МТКнын басма сөз кызматынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх