Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 29-мартта COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталат

Вакцинация алуу Бишкек шаарында, Ош шаарында жана Чүй облусунда башталат

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабын 2021-жылдын 29-мартында баштайт.

Учурда, эмдөөнү баштоого даярдык көрүү максатында, Ош шаарына жана Чүй облусундагы эмдөө пункттарына вакциналар жеткирилүүдө.

Ошондой эле, вакцинага документтерди Иммундаштыруу боюнча Илимий-техникалык эксперттер тобу (STGEI) тарабынан бекитүү процесси жүрүп жатат.

Республиканын бардык аймактарында медициналык кызматкерлерди эмдөөнү уюштуруу боюнча тренингдер өтүүдө.

Вакцинацияны баштоо фазасы Бишкек шаарында, Ош шаарында жана Чүй облусунда башталат.

Бишкекте төрт эмдөө пункту төрт Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 ҮМБнын базасында жайгаштырылат;

Чүй облусунда 2 пункт жайгаштырылат: Сокулук жана Ысык-Ата райондорунун ҮМБсында;

Ош шаарында ҮМБнын эки филиалынын - №8 жана №10 базасында 2 пункт жайгаштырылат.

1-этапта эмдөө пландаштырылууда:

- кызыл зонада, ҮДТ жана ҮМБда иштеген, жугуу коркунучу жогору жана өтө жогору медициналык кызматкерлер;

- тез жардамдын медициналык кызматкерлери, оорунун же өлүмдүн оор түрлөрүнө чалдыгуу коркунучу жогору реанимация бөлүмдөрү;

- узак мөөнөттүү медициналык мекемелердеги медициналык адистер жана кызматкерлер;

- билим берүү уюмдарынын кызматкерлери, укук коргоо жана күч структураларынын кызматкерлери

Маалымат үчүн:

"SinoPharm" вакцинасы - инактивацияланбаган вакцина (вакцинаны түзүүдө патогендик вирус же бактерия колдонулат же аларга өтө окшош микроорганизмдер химиялык реактивдердин, жылуулуктун жардамы менен инактивдештирет (өлтүрөт). Бул ыкма технологияларга негизделген натыйжалуу адамдарды коргой тургандыгы далилденген, алар гриппке жана полиомиелитке каршы вакциналарды өндүрүү үчүн колдонулат жана вакциналарды кыйла көлөмдө чыгарууга мүмкүндүк берет). Документ ДСУ тарабынан кароого кабыл алынган, өзгөчө кырдаал учурунда ДСУнун тизмесине киргизүү чечими март айында кабыл алынат.

Бул вакцина менен дүйнөнүн 65 өлкөсүндө 12 миллиондон ашуун адам эмделген: Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Бахрейн ж.б.

SinoPfarm вакцинасы менен эмдөөдөн кийин терс таасирлери катталган жок.

Вакцинанын жарактуулук мөөнөтү 3 жыл, сактоо температурасы + 2 + 8 градус. Биздин муздак чынжыр бул вакцинаны колдонууга жана сактоого мүмкүндүк берет.

25-28 күндүн аралыгындагы эки эмдөө.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх