Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жылуулук берүүнү токтотуунун мөөнөтүн жылдырууну сунуштоодо

Чечим күтүлүп жаткан суукка жана шаар тургундарынын арасында оорунун көбөйүшүнө байланыштуу

Бишкек шаарынын ЖЭБде Бишкек шаарынын турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев баштаган күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын пландуу жыйыны болуп өттү.

Борбор калаада 2020-2021-жылытуу мезгилинин аяктоо мезгилин аныктоо маселеси каралды.

Белгилей кетүүчү нерсе, бекитилген критерийлерге ылайык, керектөөчүлөрдүн жылуулук менен камсыздоодон ажыратылышы сырттагы абанын суткалык орточо температурасы +8 градустан беш күн катары менен жогору болгондо башталат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, жакынкы эки күндө абанын орточо күндүк температурасы + 13-16 градус жылуу болот. Бирок 26-марттан 2-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт, жаан-чачын катуу жаайт, абанын температурасы түнкүсүн -3 градуска чейин төмөндөйт, күндүз + 3-8 градус жылуу болот.

Шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн дарыгерлери жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологдору COVID-19 оорусунун көрсөткүчү бир аз жогорулагандыгын белгилешти, ошондой эле жарандардын сасык тумоо менен ҮМБга кайрылуусу көбөйгөн. Буга байланыштуу жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратуу убактысын бир аз жылдыруу сунушталууда.

Бишкек шаарынын аба ырайын жана шаардыктардын ооруга чалдыккандыгын эске алып, Бишкек шаарында 2020-2021-жылытуу мезгилин аяктоо маселесин 2-апрелде кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигине 2021-жылдын 10-апрелине чейин Бишкек шаарына аба ырайын болжолдоп, анын ичинде графикалык көрсөткүчтөрдү түзүү сунушталды.

Бишкек шаардык мэриясы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх