Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда биринчи жолу дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өтөт

Турнир олимпиадалык оюндарга рейтинг болуп саналат

Дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын рейтинг чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Бишкекте 6-апрелден 9-апрелге чейин "Газпром балдарга" спорттук-эс алуу комплексинде өтөт. Турнир Олимпиада оюндарынын рейтингдик турнири экендиги белгиленди.

Департамент Азия жана Океаниядагы 30дан ашык мамлекеттен 400-500 спортчунун катышуусу пландаштырылгандыгын белгиледи.

Ошондой эле басма сөз кызматы санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо максатында турнир көрүүчүлөрсүз өтөөрүн баса белгиледи. Бирок, дзюдо күрөшүнүн күйөрмандары жана сүйүүчүлөрү үчүн КТРК Спорт телеканалында түз эфирлер уюштурулат. Иш-чарага катышкан бардык спортчулар, журналисттер жана уюштуруу комитетинин мүчөлөрү иш-чарадан бир күн мурун ПЦР тестин тапшырышы керек.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх