Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК кызматкерлери помидор аткезчилигин токтотушту

Алдын ала маалыматтар боюнча, контрабандалык жүктүн жалпы көлөмү 19 тоннаны түзгөн

27-мартта УКМКнын кызматкерлери Жаңы-Жер чек ара тозотунун аскер кызматкерлеринин жана УКМКнын ыкчам изилдөө оперативдик иш башкармалыгынын жардамы менен 27-мартта Баткен райондук санкциясына ылайык, Шоро май куюучу жайынын кампасында тинтүү жүргүзүшкөн. 

Натыйжада, Р.С.Х аттуу К.А.Р жарандарына таандык чиркегичи бар Вольво, Mercedes-Atego үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар табылды, коңшу өлкөнүн жарандары А.А.жана С.М помидор жүктөлгөн контрабандалык жүккө ээлик кылган . Алдын ала маалыматтар боюнча, контрабандалык жүктүн жалпы көлөмү 19 тоннаны түзөт.

Кармалган коңшу өлкөнүн жарандары Баткен РИИБнин убактылуу камоочу жайга жайгаштырылды.

Учурда кыргыз унаасынын айдоочуларына карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Иштин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү боюнча КЖБРде катталган.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх