Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Олимпиадага жолдомо үчүн күрөшө турган кыргыз балбандарынын курамы

Акжол Махмудов тизмеде

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Токио олимпиадасына жолдомо үчүн ат салышчу спортчулардын тизмесин сунуштады. 9-11-апрель аралыгында Алматы шаарында өтө турган мелдеште балбандар Азия аймагындагы Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн күч сынашат. Жалпысынан Кыргызстандын курама командасына күрөштүн үч түрү боюнча 14 спортчу кирген.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы:

60 кг чейин - Жоламан Шаршенбеков;

67 кг чейин - Марлен Асикеев;

77 кг чейин - Акжол Махмудов;

97 кг чейин - Узур Джузупбеков;

130 кг чейин - Роман Ким.

Эркектер арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы:

57 кг чейин - Мырзаназар уулу Бекболот;

65 кг чейин - Эрназар Акматалиев;

74 кг чейин - Догдурбек уулу Эламан;

86 кг чейин - Нуртилек Карыпбаев;

97 кг чейин - Сымбат Сулайманов;

125 кг чейин - Айаал Лазарев.

Аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы:

57 кг чейин - Назира Марсбек кызы;

68 кг чейин - Мээрим Жуманазарова;

76 кг чейин - Айпери Медет кызы.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Токио Олимпиадасына эки лицензияга ээ. Булар грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков жана эркин күрөш балбаны Айсулуу Тыныбекова.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх