Кыргызстанда 31-мартка карата 98 жаңы COVID-19 учуру катталды
Вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча Бишкек шаары жана Чүй облусу алдыда
Кыргызстанда 31-мартка карата 98 жаңы COVID-19 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
Бишкек шаарында - 48, Ошто - 1, Чүй облусунда - 36, Нарын облусунда - 1, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 4, Баткен облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 6 учур.
Бардыгы болуп COVID-19дун 88 миң 374 учуру катталган.
Күндүн ичинде 86 жаран айыгып чыгышты.
503 бейтап стационардык, 616 адам амбулатордук дарыланууда.
Бир өлүм учуру катталды.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз