Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жүк ташуу үчүн "Торугарт авто жол " жана "Иркештам авто жол" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Кытайлыктардын салттуу майрамына байланыштуу 

Кытай тараптын демилгеси менен Цинминдин майрамына байланыштуу, Кытайдын салттуу курман болгондорду эскерүү майрамы, мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай бөлүгүндөгү Торугарт-Авто жол жана Иркештам-Авто жол өткөрүү пункттары 2021-жылдын 3-апрелинен 5-апрелине чейин убактылуу жабылат.  

Унааларды жана жүктөрдү өткөрүү 6-апрелде улантылат.

"Торугарт авто жол" жана "Иркештам авто жол" өткөрүү пункттары Кытайдан Кыргызстанга товар ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштей тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат байланыш бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх