Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Быйыл 1-майдагы эс алуу күнү дүйшөмбүгө которулбайт

Кыргызстандыктар буга чейин 8-январда эс алышкан

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жумушчу эмес майрам күндөрү белгиленген:

1-Май - Эмгек майрамы;

5-май - Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;

9-май - Жеңиш күнү.

Эгерде эс алуу жана  майрам күндөрү дал келсе, дем алыш күн майрамдан кийинкижумуш күнүнө которулат.

Бирок, өкмөт тарабынан дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрүн белгилөө максатында Өкмөт 2020-жылдын 30-декабрындагы № 633 "Эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө" токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, 2021-жылдын 3-майындагы эс алуу күнү (1-май дем алыш күнүнө туура келгендиктен, дем алыш деп белгиленген) 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которулган.

Ошентип, 3-май жумуш күнү болуп калат.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх