Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы жарандарды веложүрүшкө катышууга чакырат

Велосипедчендерди МАИнин үч унаасы жана эки тез жардам унаасы коштойт

Бишкек шаарынын мэриясы бардыгын ушул жылдын 4-апрель,жекшемби күнү, эртең мененки саат 10дон тарта боло турган биринчи веложүрүшкө чакырат.

Жаңы ден-соолукту чыңдоочу парктын түндүк тарабынан баштайбыз - М.Гшлисера көч, Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнө чейин айдап чыгып, ал жерден чыгышка, Токомбаев жана Нуркамал Жетикашкева көчөлөрүнүн кесилишине кетип, ден-соолукту чыңдоочу паркка, Токтоналиев көчөсү менен гана кайтып келебиз.

Айланма жолдун узундугу 10 чакырымды түзөт.

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн веложүрүштүн ичинде 1,5-2 метр аралык сакталат, велосипедчендерди МАИнин үч унаасы жана эки тез жардам унаасы коштойт. 20га жакын коопсуздук кызматкери нөөмөттө турушат.

Урматтуу айдоочулар! Велосипед тебүү маршруту боюнча жүрүүчү жол унаалардын жүрүшү үчүн жарым-жартылай чектелет, цикл колоннасы өткөндөн кийин жол дароо ачылат. Велосипед тебүүнү колдооңуздарды суранабыз.

Маанилүү! Велосипедчендер  коргоочу шаймандарды кийиши керек, ансыз жүргүнчүлөрдүн жүрүүчү бөлүгүнө кирүүгө тыюу салынат. Ошондой эле, маскалар жана антисептиктер жөнүндө унутпаңыз.

Урматтуу шаардыктар, велосипед сүйүүчүлөрү! Баарыңыздарды күтөбүз! Чогулуучу жер: М.Гшлиссер көчөсү, ориентир - Ден-соолукту чыңдоочу сейил бактын түндүк тарабындагы унаа токтоочу жай.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх