Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ыйык Рамазан айында эмдөөдөн өтсө болобу?

ДИБМК ошондой эле вирус жуккан жарандар орозо кармай алабы деген суроого жооп берди

Коронавирустук инфекция менен ооругандыктан, орозо кармардан мурун дарыгериңиз менен кеңешүү керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулу билдирди.

Анын айтымында, динде Рамазан айында адам ооруп калса орозо кармабоого уруксат берилген.

"Эгерде дарыгер ден-соолугуңузга зыян келтирбөө үчүн орозо кармабаңыз деп кеңеш берсе, анда алгач калыбына келип, андан кийин орозо тутушуңуз керек", - деп түшүндүрдү Бактияр Токтогазы уулу.

ДИБМК ошондой эле ыйык Орозо айында эмдөөдөн өтүүгө боло тургандыгын баса белгиледи.

"Ушул айда бир дагы эмдөөгө тыюу салынбайт", - деди Бактияр Токтогазы уулу.

Канышай Балкыбекова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх