Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МГИМОго Кыргызстандын жарандарынан документтерди кабыл алуу башталды

Университетке кирүүгө сунушталган талапкерлер Москва шаарында орус жана чет тилдеринде тестирлөөдөн өтүшөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) 2021-2022-окуу жылына 2021-жылдын 12-апрелинен 14-майына чейин бакалавриат жана магистратура программалары үчүн документтерди кабыл алуунун башталышы жөнүндө жарыялайт. 

Сынактык тандоого Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат. Талапкерлер бир гана тандалган окуу багытына арыз бере алышат.

МГИМОго кирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сунуш кылган талапкерлер, Москва шаарына келгенден кийин, көрсөтүлгөн университеттин эрежелерине ылайык, орус жана чет тилдеринде тестирлөөдөн өтүшөт.

МГИМОго талапкерлерди конкурстук тандап алуу эрежелери менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин www.mfa.gov.kg сайтынан жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын сайтынан таанышууга болот. www.dipacademy.kg

Сынактык тандоого катышуу үчүн документтерди каттоо жана тапшыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын www.dipacademy.kg сайтында онлайн жүргүзүлөт.

Байланыш тел .: 0 (312) 62 15 23, 62 02 83, 66 01 85

 

КРнын ТИМ маалымат департаменти

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх