Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек - ​​Ош жана Бишкек - ​​Талас каттамы боюнча жол жүрүүнү жылдыруу сунушталат

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларында транспорттун бардык түрлөрү убактылуу токтотулду

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларында транспорттун бардык түрлөрү үчүн жол кыймылына убактылуу чектөө коюлган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу жакынкы аралыктар көрүнбөй унаалардын кыймылын жайлаткан.

 

Басма сөз кызматы Арал, Сосновка жана Каракөл өткөрүү пункттарында чектөөлөр киргизилгенин белгиледи.

Ошол эле учурда, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Транспорт министрлигинин кызматкерлери унаа жолду тазалап, кум сээп, кеңейтүүдө.

Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн Жол кайгуул кызматы айдоочуларга Бишкек - ​​Ош, Бишкек - ​​Талас каттамы боюнча кетүүнү дагы бир күнгө жылдырууну сунуштайт.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх