Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы дарыгерлердин айлыгы эки эсеге көтөрүлдү

Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин бардык категорияларына эмгек акы көбөйтүлдү

2021-жылдын 1-апрелинен тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы эки эсеге жогорулатылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана өркүндөтүү максатында кабыл алынган.

Саламаттык сактоо тутумунун башка категориядагы кызматкерлери үчүн эмгек акысы 2021-жылдын 1-июлунан тарта – 50%га, ал эми техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлык акысы 40%га жогорулатылат.

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх