Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

MegaComдун кызматкерлери Ош шаарына ишембиликке чыгышты

MegaCom уюлдук операторунун Ош шаарындагы аймактык филиалынын командасы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмеси - Сулайман-Тоо аймагын тазалоо, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу иштерине чыгышты.

 

7-8-апрель күндөрү "MegaCom - таза шаар үчүн" ураанынын алдында экологиялык иш-чара болуп, компаниянын түштүк борбордогу аймактык кеңселеринин 50 кызматкери катышты.

 

Ишембиликтин алкагында MegaCom компаниясынын кызматкерлери музей комплексинин жанындагы аймакты таштандылардан тазалап, бак-дарактарды жана бордюрларды актап, Тянь-Шань карагайларын отургузушту. Мындан тышкары, уюлдук оператордун өкүлдөрү Сулайман-Тоого алып баруучу маалымат такталарын жаңылады. Күн жылуу аба ырайы катышкандардын баарына сонун маанай тартуулады жана жашыл бактарды отургузуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү.

 

Акциянын аягында MegaCom компаниясынын кызматкерлерине музей комплексинин айланасына экскурсия жасалды.

 

Белгилей кетүүчү нерсе, экологиялык долбоорлор "Альфа Телеком" ЖАКынын корпоративдик маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Мобилдик оператору бүткүл өлкө боюнча жалпы шаардык ишембиликтерге катышат жана бул MegaComдун чоң жамааты үчүн жакшы салтка айланган.

 

"Альфа Телеком" ЖАКынын пресс кызматы
"Альфа Телеком" ЖАКынын басма сөз кызматынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх