Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда биринчи жолу Эл аралык ректорлор форуму өтөт

Бул иш-чара дүйнөнүн 200дөн ашуун университеттеринин өкүлдөрүн бириктирет

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 5-8-сентябрында Бишкек шаарында «Ковидден кийинки мезгилде дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү билим берүүнүн ролу» аталышында жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумун өткөрөт. Иш-чарада илимий изилдөөлөр жана билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташуу маселелерин жана университеттердин өз ара кызматташуусу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн дүйнө жүзүнөн 200дөн ашуун университеттин өкүлдөрүн бириктирери күтүлүүдө.

Форумдун максаты – дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин топ-менеджерлерин жана жогорку окуу жайлардын ректорлорун бир аянтчага чогултуу, эл аралык деңгээлде кызматташуу тууралуу жогорку окуу жайлар аралык макулдашууларга кол коюуну демилгелөө.

Ушул тапта курамына министрликтин өкүлдөрү жана республиканын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору кирген уюштуруу комитети Форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, Форумдун программасынын долбоору даярдалды жана чет өлкөлүк катышуучулардын тизмесин түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.

 

КР БИМдин басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх