Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиянын жеңил атлетика федерациясынын президенти Фатих Чинтимар Кыргызстанга келди

Ал түрк спортчулары ХХХII Олимпиадага даярданып жаткан Ысык-Көлгө жөнөдү

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев 9-апрелде Бишкекке келген Түркиянын жеңил атлетика федерациясынын президенти Фатих Чинтимар менен жолугушту. Тараптар жеңил атлетиканы өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, Фатих Чинтимар иш сапарынын алкагында түрк спортчулары ХХХII Олимпиада оюндарына даярданып жаткан Ысык-Көл облусуна барды. Кыргыз Республикасынын Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов менен биргеликте спортчулардын машыгуу орду, Ысык-Көлдөгү спорт базалары жана машыгуу шарттары менен таанышып, кызматташуу жана биргелешкен машыгуу лагерлери жөнүндө макулдаштык.

Мындан тышкары, Түркиянын жеңил атлетика федерациясынын президенти Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов менен жолугушту.

Белгилей кетсек, Түркиядан 18 спортчу жана машыктыруучулар Украина, Беларуссия, Россия, Словениянын спортчулары менен биргеликте Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшүүдө.

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх