Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан дары-дармектерди экспорттоого убактылуу тыюу салууну киргизди

Бул чара алты ай бою күчүндө болот

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Аталган тыюу салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги бекитилген 100 күндүк чаралар планынын алкагында киргизилген.

Аталган токтомдун максаты - Кыргыз Республикасынын калкынын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык кыйын кырдаалдын алдын алуу үчүн дары-дармек каражаттары жана медициналык  буюмдар менен камсыздоодо жетишсиздикке жол бербөө.

Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы зарыл.

Экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык  буюмдардын тизмеси тиркелген.

тиркеме.docx

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх