Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык кикбоксчулар Түркиядагы эл аралык мелдеште 4 медалга ээ болушту

Турнирге 20дан ашуун мамлекеттен эң күчтүү спортчулар катышты

Ата мекендик кикбоксчулар 8-11-апрель күндөрү Анталия шаарында өткөн 6-эл аралык "Түркиянын Кикбоксинг боюнча Европа Кубогу" турниринде 4 медаль (3 алтын, 1 коло) утуп алышты.

Турнирдин алтын медалын 51 кг салмакта өспүрүмдөр арасында Марат Мусаев, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Авазбек Аманбеков (60 кг) жана Дүйнө кубогунун ээси Рустам Ибрагимов (63,5 кг) жеңип алышты. 57 кг салмакта Розбаев Ахрор мелдештин коло медалынын ээси болду.

Белгилей кетсек, турнирге 20дан ашуун мамлекеттен эң күчтүү спортчулар катышкан.

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх