Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги гүлзарларда жоогазындар гүлдөй баштады (сүрөт)

Жазгы гүлдөр шаардыктарды ар кандай түстөрү жана түрлөрү менен кубандырат

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын эмгекчил кызматкерлери тарабынан былтыр күзүндө отургузулган жоогазындар борбор калаадагы гүлзарларда гүлдөй баштады.

Жазгы гүлдөрдүн түрлөрү шаардыктарды түстөр жана сорттору менен кубандырат. Жалпысынан быйыл борбор калаанын гүлзарларында 130 миң жоогазын  пайда болду.

Эске салсак, өткөн жазда шаар тургундары жоогазындардын ачылышын онлайн режиминде көрүүгө аргасыз болушкан. Бактыга жараша, бул жылы адамдар бардык санитардык эрежелерди сактоо менен, албетте, сулуулуктан толук ырахат алышат.

Жоогазындар соолуп бүткөндөн кийин, тамырын кылдаттык менен казып, кургатып, кийинки күздө кайрадан отургузат.

Урматтуу жарандар! Гүлдөргө, шаарга жакшы кам көрүүнү, сергек болууну жана уурулукка шектүүнү байкасаңыз, милицияга кайрылыңыз: 102.


Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх