Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Он аял айыл өкмөтүндө өзүн өзү өрттөйбүз деп коркутушууда

Окуя болгон жерге ыкчам топ барган

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында 10 аял өзүн өзү өрттөө акциясын уюштурууга даяр экендигин билдиришти. Vesti.kgге маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Акциянын катышуучулары үч жылдан бери чегерилген пайыздар боюнча карыздарды жоюуну талап кылышууда. Үч жыл мурун, аялдар жеке адамдардан жана коммерциялык банктардан пайыздык үстөк менен насыя алышкан, бирок насыяларын убагында төлөй алышкан эмес.

Басма сөз кызматы билдиргендей, окуя тууралуу маалымат нөөмөттүк бөлүккө келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жөнөп кетишти.

Коомдук тартипти сактоо боюнча кызматкерлер буга чейин жеринде иш алып барып, аталган аялдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх