Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин айрым райондорунда бир нече күн газ болбойт

Алтын-Ордо турак-жай конушу газ түтүгүнө туташтырылып жатканына байланыштуу газ өчүрүлөт

19-апрелден 21-апрелге чейин Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу жарандар! "Газпром Кыргызстан" компаниясы буга чейин газ менен камсыз болбогон"Алтын-Ордо" конушуна жаратылыш газын өткөрүп жаткандыгына байланыштуу, 19-апрелден 21-апрелге чейин аталган аймакта жашаган абоненттерге жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Путепроводный - ВБЧК көчөсү, Виноградная - Ауэзов көчөлөрү, "Тунгуч" кичи району.

Ошондой эле, REEMTSMA, Алтын-Ажыдаар, Курулуш материалдар комбинаты, Нан бышыруу, Жанар ишканаларына газ берүү токтотулат », - деп билдирди муниципалитет.

Мэрия кошумчалагандай, коопсуздук талаптарына ылайык, жаңы конуштун газ бөлүштүрүү тутумуна туташуусу Валиханов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан орто басымдагы газ түтүгүнүн өчүрүлүшү шартында жүргүзүлөт.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Биз жаратылыш газын коопсуз, ыңгайлуу жана бир топ кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз », - деп жыйынтыктады муниципалитет.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх