Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үч жетим балага жер бөлүнүп берилди

Жер тилкелери Башкы прокуратуранын жардамы менен өткөрүлүп берилди

Башкы прокуратуранын жардамы менен Талас районунда жашаган жетим балдар К. уулу А.М.Б жана Д.Ага турак жай куруу үчүн жер тилкелери берилди.

Мыйзамдарга ылайык, кезексиз турак-жай же жер тилкелери жетим балдарга, ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга берилет.

Ошентип, Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан шаардын мэринин атына презентация жасалып, анын жыйынтыгы боюнча жетим балдар К.уулу А. жана М.Б.га турак жай куруу үчүн ар бирине 6 сотыхтан жер тилкелери бөлүнүп берилди .

Ошондой эле, көрсөтүлгөн райондун Үч-Коргон айылдык кеңешинин башчысынын атына Манас районунун прокуратурасы тарабынан  жазылып, жашы жете элек Д.Ага кийинки турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Учурда аларды каттоодон өткөрүү жана жер тилкелерине тиешелүү укук белгилөө документтерин берүү иштери жүрүп жатат.


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх