Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таштанды талаасынын жашоочуларга тийгизген кесепети

Азыркы тапта абанын булганышы Бишкек шаарында эң башкы экологиялык көйгөйлөрдүн бири. Ал эми шаарыбыздын түндүк тарабындагы бул көйгөйдөн да чоң маселе бул - таштанды талаасы…

Жаркынай "Ак Бата" жаңы конушунун тургуну. 2005-жылы ата-энеси менен бул конушка 5-классында көчүп келген. 6 жылдан бери бул аймакта жашайт. Жаркынайды капаландырган нерсе - жакын арада жайгашкан таштанды полигону. Полигон күйүп, эртең менен жана кечинде жанында жайгашкан конуштарды түтүн, ыш жана жагымсыз жыттар менен каптайт.

“Бизге таштанды чогулган полигондун чоң кесепети тийет. Анткени кечке маал биздин конушту кадимкидей түтүн каптайт. Шаар тараптан окуудан же жумуштан келе жатып, коомдук транспорттон түшкөндө эле дароо абанын айырмасы билинип, ыш жыттанып, кир аба менен дем аласың. Кечкисин шамалдын багыты биз тарапка келгендиктен, аябай байкалат. Эртең менен эшикке чыксаң түнү бою түтүн каптап дем алууга кыйын болуп калат. Кошунабыз ушул ыштын, түтүндүн айынан дем ала албай энтигип, тамагы шишип, кыйналганын байкайм”.

"Калыс Ордо" конушунда жашаган Калыс 1-курстун студенти. Анын айтымында да таштанды полигонунан келген түтүн аларга эртең менен жана кечке маал тарап, жагымсыз жыт сезилет.

“Таштандынын жанында Алтын Казыкта жашаган элдер, бизге караганда көбүрөөк зыян тартышат. Себеби, ал жерде тосмо дагы жок. Дайыма кечинде ал жерди өрттөшөт. Өзгөчө жайында, күзүндө эртең мененки саат бештерде боппоз болуп "Мурас Ордо" конушун каптап калат. Шамалдын багытына байланыштуу жанындагы конуштарды каптайт. Ал жерде пластик идиштерди, таштандыларды, темирлерди чогултуп иштегендер көп. Полигонду жаптырганга көп эле адамдар аракет кылышкан, биз дагы жаштар бул көйгөйдү көтөрүп чыкканбыз. Бирок акыркы убакта таштандыны иштеп чыгаруучу завод салынат, 30%ын көмүп коюшту деген маалыматтан кийин басаңдап калганбыз”.

Климаттын өзгөрүшү жана экология боюнча эксперт Подрезов Андрей Олегович таштанды полигонунан чыккан түтүн шаардын өзүнө таасирин тийгизбейт, бирок, жанындагы конуштар, Дордойдун тегереги бул аба менен капталат дейт:

“Жагымсыз жыттан тышкары түтүндүн эң негизи коркунучу анын уулуу заттарды камтыгандыгында. Полигондо ар түрдүү сорттолбогон таштанды калдыктары бар: пластик, полиэтилен калдыктары, курулуш материалдары, деги эмне гана жок. Бул калдыктар өрттөлгөндө адамдын ден соолугуна зыяндуу болгон түрдүү уулуу химиялык байланыштар пайда болушу мүмкүн. Жаңы конуштарда тараган түтүндүн концентрациясы жогору болсо, албетте адамдын дем алуусу, реакциясы, аллергиялык оорулары козголуп адамдын жашоо-тиричилиги начарлайт. Өзгөчө ден соолугу начар адамдарга, кары-картаңдарга, аллергиялык оорулары барларга жана жаш балдарга кооптуу. Себеби жаш балдар чоңдорго караганда активдүүрөөк. Алар ойношот, чуркашат, көбүрөөк дем алышып, уулуу заттарды да көбүрөөк сиңирип алышы мүмкүн. Ал эми, балдардын кандайдыр бир оорулары бар болсо, ден соолугу ого бетер начарлайт. Таштанды полигонунан чыккан түтүн шаарга тарабагандыктан, көпчүлүк тургундарыбызды бул көйгөй тынчсыздандырбайт. Бирок, чынында бул маселе кыш мезгилинде шаарды каптаган ыш көйгөйүнөн да жогору”.

Эко активист Мээрим Сейдакматова таштанды полигондору тууралуу изилдөө жүргүзүп, дипломдук ишин ушул маселенин тегерегинде даярдоодо. Мээримдин айтымында таштанды полигондорунун түпкү негизинде социалдык, экономикалык, экологиялык көйгөйлөр жатат. Адамдардын начар шарттарда жашоосу, мамлекеттин таштанды маселесин чечүү үчүн туруктуу чараларды көрбөөсү жана таштандылардын эч кандай эрежелерсиз көмүлүүсү сыяктуу.

“2020-жылы таштанды полигонуна барып, абалын көрдүм. Таштанды өрттөнүп жатат. Ал жерде жашаган, таштандыны чогултуп иштеген адамдар бар. Эң өкүнүчтүүсү бул маселени көтөргөн, күрөшкөн эч ким жок, ал эми полигондун аянты күн сайын кеңейүүдө”,-дейт Мээрим.

Адамдардын ден соолугу түздөн түз айлана чөйрөнүн абалына байланыштуу. Кирдетилген чөйрөдө уулуу заттардын концентрациясы аз болгонуна карабастан, адамдарга болгон таасири чоң жана ден соолукка олуттуу таасирин тийгизет.

Медицина илимдеринин кандидаты Калия Молдогазиеванын изилдөөсүндө таштанды күйгөндө көмүр кычкыл газын, ис газын жана зыяндуу диоксиддерди бөлүп чыгарат деп жазган. Ал эми пластмасса күйгөндө абага формальдегид, уксус кислотасы, ацетальдегид, оксид углероду жана диоксиндер бөлүнүп чыгат.

Дагы бир чоң көйгөй бул таштанды талаасында иштелип чыккан жана климаттык өзгөрүүлөргө алып келүүчү күчтүү парник газы - метан болуп саналат. Кычкылтектин таасири астында метан газы күйүп, өрттөнүп баштайт. Метан жана башка таштанды калдыктарынан турган түтүн биринчиден ыш болуп абаны кирдетсе, экинчиден түздөн-түз адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.

Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү улуттук билдирүүсүндө белгиленгендей климат азыркы тапта болуп көрбөгөндөй тез өзгөрүп, жакынкы 10 жыл аралыгында да өзгөрө бермекчи. Климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири кылымдар бою сакталып, адамдардын ден соолугуна, тамак ашка, айыл-чарба жана башка жаратылыш объекттерине чоң таасирин тийгизмекчи.

Парник газдарынын бөлүнүп чыгышы, климаттын өзгөрүшү коомдун аярлуу катмарларына, өзгөчө жаш балдарга, кары-картаңдарга жана денсоолугу начар, жүрөк ооруулуларга чоң таасирин тийгизет.

Кыргыз Республикасынын үчүнчү климаттык билдирүүсүнө ылайык, дем алуу органдарынын оорулары түздөн-түз климаттын өзгөрүшү байланыштуу. Абанын температурасынын өзгөрүшү өзгөчө 0-1 жаш арасындагы жаш балдарга, 64-75 жана 75 жаштан жогору карыларга көбүрөөк таасирин тийгизет.

 


Статистика Кыргыз Республикасынын үчүнчү климаттык билдирүүсүнөн алынды

Климаттын өзгөрүшү жана экология боюнча эксперт Андрей Подрезов полигондо чогулган таштандыны кайра иштетүү үчүн ондогон жылдар талап кылынат дейт. Анын айтымында башкы көйгөй таштандыны кайра иштетүү эмес, таштанды талаасын жаап консервациялап койсо, чыккан өрттү токтотуу болуп саналат.

Бишкек эмес, Ышкек аталган шаарыбыз бул көйгөйдү качан чечээри дале белгисиз…

Назгүл Дөлөткелдиева

Сүрөт: Влад Ушаков

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх