Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Акаев РИАнын дипломун Сабырбек Жумабековго тапшырууга катышты (сүрөт)

Ардактуу хирург 2019-жылы Россиянын Илимдер академиясынын мүчөлүгүн алган

Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, эмгек сиңирген хирург Сабырбек Жумабеков Россия Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсүнүн дипломун алды.

Салтанатка өлкөнүн мурунку президенти Аскар Акаев катышты, ал дагы Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү. Бул тууралуу маалыматты Facebook социалдык тармагындагы колдонуучулар билдиришти.

 

Белгилей кетсек, Сабырбек Жумабеков 2019-жылы Россиянын Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү болгон. Ал дипломун 2020-жылы алышы керек болчу, бирок пандемияга байланыштуу расмий майрамды кийинкиге жылдырууга туура келди.

40 жылдын ичинде эмгек сиңирген хирург 34 миңден ашуун операция жасаган.

 

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх